
SIM картаны жана батарейканы коюу
Маанилүү иш: Mini-UICC SIM картасын, ал, ошондой эле micro-SIM карта
деп аталат, же адаптери бар micro-SIM картаны же mini-UICC бекиткичи (сүрөттү
караңыз) бар SIM картасын бул аппаратта колбонбоңуз. Micro SIM картасы,
кадимки SIM картадан кичирээк болот. Бул аппарат, micro-SIM карталарын
пайдаланууну колдобойт жана туура келбеген SIM карталарды колдонуу
аппаратка же картага доо кетириши мүмкүн жана картада сакталган
маалыматтын бузулушуна алып келиши мүмкүн.
Бул аппарат BL-5CT батарейкасы менен колдонууга жасалган. Дайыма, накта
Nokia батарейкасын колдонуңуз.
Картаны колго алып, кыстарып жана алып чыкканда этият болуңуз, анткени SIM
картага жана анын контакттарына түшкөн чийик же бүгүштөн улам, иштебей
калышы мүмкүн.
1 Жапкычты тартып, жана аны чыгарыңыз. Кыстарылган батарейканы көтөрүп,
алып чыгыңыз.
2 SIM картаны кыстаруу. Эстутум картанын тийчү бети ылдый караганына
ишениңиз.
8
Баштоо

3 Батарейканын жана батарейка уясынын контакттарын бир бирине каратып,
батарейканы кыстарыңыз. Арткы жапкычты ордуна коюуга, баш жактагы
кулпулоо тиштерин алардын оюктарына каратып, жапкычты, ордуна түшүп,
бекигенде чейин, түртүңүз.